- Мындан Алинин (ага Аллах ыраазы болсун) артыкчылыгын билебиз. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ал Аллах менен Анын элчисин жакшы көрөрүн, Аллах менен Аллахтын элчиси аны жакшы көрөрүн күбөлүк берип айткан.
- Мындан сахабалардын жакшылыкка умтулушканын, жарышканын көрөбүз.
- Согушка жөнөгөндө өз адебин сактоо керек, керексиз ызы-чуунун, кыйкырыктын, ышкырыктын зарылдыгы жок.
- Жөөттөрдүн жеңилерин алдын ала айтканы жана Алинин көзүн айыктырганы булар пайгамбардын чыныгы пайгамбар экенин билдирген белгилер.
- Аллах жолундагы күрөштүн негизги максаты - адамдарды Исламга киргизүү.
- Аллахтын динине чакыруу бир баскычтан экинчи баскычка өтүү менен болууга тийиш. Оболу каапырлардан келме айтып динге кирүү талап кылынат. Динге киргенден кийин аларга парздарды аткаруу буйрулат.
- Исламга чакыруунун пайдасы зор. Чакырган адам да, чакырылган адам да жакшылыкка жетет. Чакырылган адам туура жолду табат, чакырган адам болсо үлкөн сооп-сыйга жетет.