- Пайгамбарлардын жана салихтердин мүрзөлөрүн Аллах үчүн намаз окулуучу мечит кылып алуудан Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, тыйды. Анткени бул ширкке алып баруучу жол.
- Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, бул ишке катуу көңүл буруусу, анын тавхидке болгон камкордугу жана кабырларды улуктоодон коркушу. Анткени бул ширкке алып барат.
- Яхудийлерге, христиандарга жана алар сыяктуу мүрзөлөрдү куруп, аларды мечит кылып алгандарга каргыш айтууга уруксат.
- Мүрзөлөргө курулуш куруу яхудийлердин жана христиандардын үрп-адаттарынын бири. Ал эми бул хадисте аларга окшошууга тыюу салынган.
- Мечит курулбаса да, кабырларды намаз окуучу жай кылып алуудан жана кабырда намаз окуудан тыюу салынган.