- Үйлөрдө Аллахка ибадат кылбай калуудан тыйды.
- Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, кабырын зыярат кылуу үчүн сапар кылуу тыюу салынган. Анткени Пайгамбар салават айтууга буйруган жана кайсыл жерден салават айтылбасын, ага жетип турарын кабар берген. Чындыгында, пайгамбардын мечитин жана анда намаз окууну ниет кылгандыгы үчүн ал мечитке сапар кылынат.
- Пайгамбар, саллалаху алейхи уа салламдын, кабырын, ошондой эле башка кабырларды өзгөчөлөп, өзгөчө бир убакыттарда кез-кези менен аларды кайра-кайра зыярат кылуу тыюу салынган.
- Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтын алдында өтө чоң кадыр-баркка ээ болгондуктан ага бардык учурда, ар тараптан салават айтууга шариятта уруксат берилди.
- Сахабалардын учурунда мүрзөдө намаз окууга бекемделип тыюу салынган. Ошондуктан Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үйлөрдө намаз окулбастан мүрзө сыяктуу болуп калуудан кайтарган.