- Өтө зарыл болуп турган ишти аткаруу менен алек болуп, учурда муктаждыгы жок ишти коё турган оң. Ошондой эле али болбогон нерсени суроонун кереги жок.
- Түйүндүү маселеге алып бара турган жана арада ар кандай келишпестиктерге эшик ача турган суроолорду суроо арам (тыюу салынган).
- Тыюу салынган нерсенин баарын таштоо керек. Анткени, тыюу салынган ишти аткарбай коюуда эч кандай кыйынчылык жаралбайт.
- Ал эми буйрулган ишти ар ким өз чамасына жараша аткаруусу керек. Анткени, кээде аны аткаруу бирөөлөргө оор болуп, машакат жаратуусу мүмкүн. Ошондуктан, буйрулган иштерди ар ким чамасына жараша аткарууга буйрулган.
- Көп суроо берүүдөн тыюу боюнча аалымдар суроолорду эки түргө бөлүшөт: биринчиси, дин иштеринин кайсы бирин билип алуу үчүн берилген суроо. Буга сахабалардын сурагандары кирет, мындай суроолорду берүү шариятта буйрулган. Экинчиси: өзүнө-өзү оорлук жаратуу үчүн, көктүк кылып атайын берилген суроолор. Мына ушундай суроолорго тыюу салынган.
- Мурдагы үммөттөрдө болгон сыяктуу, бул үммөткө пайгамбарына каршы чыгуу катуу эскертилди.
- Кереги жок нерселер тууралуу көп суроо берүү жана пайгамбарына каяша кылуу кыйрап жок болууга себеп болот. Айрыкча, аткарууга жана түшүнүүгө мүмкүн болбогон нерселер тууралуу суроо. Мисалы: Аллахтан башка эч ким билбеген кайып нерселер, кыяматагы боло турган иштер ж.б.
- Маселелерди татаалдаштыруу суроо берүү тууралуу Авзаъи минтип айткан: "Эгерде Аллах Таала пендесин илимдин берекесинен куру калтырууну кааласа, анын тилине адаштыруучу сөздөрдү салат. Чынында, мындайлар адамдардын эң илими азы болорун көрдүм". Ибн Вахб минтип айткан: "Илимдеги шек саноо - кишинин жүрөгүнөн илимдин нурун кетирет".