- Пайгамбарыбыздын сүннөтүн Куран катары урматтоо жана кабыл алуу.
- Пайгамбарга баш ийүү – Аллахка баш ийүү, ал эми ага баш ийбөө – Аллах Таалага баш ийбөө.
- Сүннөттүн далил катары алынуусу жана сүннөттү четке каккандарга жооп.
- Ким сүннөттөн жүз буруп, Куран менен гана чектелем десе, анда ал сүннөттөн жана Курандан да баш тарткандыгынын белгиси болот. Ошондой эле ал Куранга амал кылам деген сөзүндө жалганчы болот.
- Аллахтын Элчисинин, саллаллаху алейхи уа саллам, пайгамбарлыгынын бир далили – келечекте боло турган бир нерсени айтуусу. Чындыгында Пайгамбардын айтканындай болду.