- Аллахтын шариятын жеткирүүгө кызыктыруу. Албетте бир адам аз болсо да түшүнгөн жана жаттаган нерселерин башкаларга жеткирүүсү керек.
- Аллахка туура ибадат кылуу үчүн жана шариятты туура жеткирүү үчүн дин илимин үйрөнүү важип.
- Хадисте келген катуу эскертүүгө кирип калбоо үчүн хадисти жеткирерден алдын же жайылтуудан алдын анын сахих (туура) экенин тактоо важип.
- Айрыкча, Аллахтын динине тиешелүү сөздөрдө жалганга түшүп калбоо үчүн сүйлөгөндө чынчыл болууга жана абайлап сүйлөөгө үндөдү.