- Шарият койгон чектен ашып мактоодон жана улуктоодон эскетти. Анткени бул ширк кылууга алып барат.
- Тилекке каршы Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эскерткен нерсе бул үммөттө да болуп жатат. Ошондуктан кээ бирөөлөр Аллахтын элчисини, кээ бирөөлөр ахлу байтти, (1) кээ бирөөлөр олуяларды чектен ашып улукташып ширк кылып жатышат.
- Раббинин өзгөчөлүктөрнөн болгон сыпаттарды пайгамбарга арноо туура эместигин жана пайгамбар да Аллахтын пендеси экендигин баяндоо үчүн Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, өзүн Аллахтын кулу деп сыпаттады.
- Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллах тараптан жиберилген элчи экендигин жана аны ээрчип, аны тастыктоо важип экендигин баяндоо үчүн ал өзүн Аллахтын Элчиси деп сыпаттады.