- Пайгамбарлардын жана солих инсандардын кабырын шарият койгон чектен чыгып улуктап жиберүү аларга ибадат кылууга, башкача айтканда Аллахтан башкага ибадат кылууга алып барат. Ошондуктан ширкке алып баруучу жолдордон алыс болуу керек.
- Кабырда жаткан адам канчалык Аллахка жакын инсан болбосун анын кабырынын алдында ибадат кылууга жана кабырларды улуктоого тыюу салынат.
- Кабырлардын үстүнө мечит куруу арам.
- Кабырлардын жанында жаназа намазын гана окууга болот, андан башка намаздарды окуу арам кылынган.