- Кабырга мечит куруу, анда намаз окуу, же өлүктөрдү мечиттерге көмүү арам, тыюу салынган. Ширкке алып баруудан тосуу үчүн.
- Кабырга мечит куруу, ага сүрөттөрдү коюу, бул жөөттөрдүн жана христиандардын иши, ким мындай кылса, ошолорго окшогон болот.
- Жандуулардын сүрөтүн алып жүрүү (тартуу, жасоо ж.б.) арам.
- Ким кабырга мечит курса жана ага сүрөттөрдү тартса, ал Аллах Тааланын калктарынын эң жаманы.
- Ширкке алып бара турган бардык жолдорду тосуу аркылуу шарият тавхидди толук коргоп турат.
- Ийги иш-амал кылган адамдарды урматтоодо чектен чыгып кетүүдөн тыят, анткени бул ширк кылууга түрткү, себеп болот.