- Багымдат намазы менен асыр намазын калтырбай окууда чоң артыкчылык бар; Анткени, багымдат намазы уйку аябай татуу болгон учурга дал келет. Асыр болсо иш аябай кызыган учурда. Ошондуктан, бул эки намазды калтырбай окуу башка намаздарга караганда зарылыраак.
- Бул эки намаз "бардайни" деп аталат, "суукта окулчу эки намаз" деген мааниде. Багымдат намазы түндүн суугунда, дигер намазы күндүн табы кайтып калганда окулганы үчүн ушинтип аталышы мүмкүн. Ысык мезгилде болсо деле, асыр убагы андан мурунку убакка караганда салкындап калган учур болот эмеспи. Же жөн эле басымдуулугун эске алып ушинтип атаган болушу да мүмкүн. Мисалы, Күн менен Айды араптар "эки Ай" деп атаган сыяктуу.