- Намаз окуп жаткан адам канчанчы рекетти окуп жатканын билбей эки анжы болуп калса, шектүүнү таштап, шеги жокту б.а. рекеттин азын алып, намазын уланта берет. Акырында салам бербей туруп, эки жолу кошумча сажда кылат.
- Бул эки сажда намазды өз калыбына келтирүүнүн жолу жана шайтанды кор кылып, максатынан алыстатуу.
- Хадисте айтылып жаткан шек бул эч кандай аныктыгы жок эки анжылыкка тиешелүү. А эгер шек пайда болуп бирок аныктык басымдуулук кылып турса, анда басымдуу болгонун аткара берет.
- Шарият буйруктарын аткаруу менен шайтандын васваса азгырыгын кубалоого болот.