Кимде-ким кедейдин карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же
карызынын баарын же бир бөлүгүн кечип салса, анда Аллах аны Кыямат күнү Өз Аршынын көлөкөсүндө башка эч кандай көлөкө жок болгон күнү көлөкө кылат...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким кедейдин карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же
карызынын баарын же бир бөлүгүн кечип салса, анда Аллах аны Кыямат күнү Өз Аршынын көлөкөсүндө башка эч кандай көлөкө жок болгон күнү көлөкө кылат».
Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган
Explanation
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп кабар берди: Кимде-ким карыздар адамдын карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын бир бөлүгүн кечип салса, анда анын сыйлыгы Аллах аны Өз Аршынын астына, Кыямат күнү күн пенделердин башына жакындай турган күнү көлөкөсүнө алат. Ал күнү күндүн ысыгы аларга катуу тийген кез болот. Демек Аллах көлөкөсүнө алган адамдан башка эч ким көлөкө таба албайт.
Hadeeth benefits
Аллах Тааланын пенделери үчүн жеңилдетүүнүн пазилети жана адамдарга жеңилдик берүү - Кыямат күнүнүн коркунучтуу азабынан кутулуунун себептеринин бири.
Иш-аракеттердин түрүнө жараша сооп-сыйлыктар да ошол түрдөн берилет.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others