- Орозонун артыкчылыгы өзгөчө. Ал адамды бул дүйнөдө кумар каалоосунан сактайт. Акыретте болсо, тозок отунан сактайт.
- Орозонун негизги адептеринин бири, жаман, бузук жана пайдасыз сөздөрдү таштоо. Ага карата айтылган сөздөргө же жаман мамилелерге сабыр жана жакшылык менен жооп берүү.
- Орозо кармаган адам, же кайсы эле ибадатты аткарган адам ибадатын жакшы, толук аткаргандыгы үчүн бул дүйнөдө сүйүнсө, ал үчүн ибадатынын акыреттеги сооптору кемип калбайт.
- Чыныгы толук кубаныч, орозо кармоочулар жана сабырдуулар эсеп-кысапсыз сооп-сыйын алган Кыямат күндө Аллах Таалага жолуккан учурда болот.
- Зарылчылыкта же пайдасы тие турган учурда жасап жаткан ибадатын элге жарыя кылып айтуу рия (элге көрүнүү) эмес. Анткени: хадисте (мен орозо кармаган кишимин деп айтсын) деп айтылган.
- Чыныгы орозосу толук кармалган адам, дене мүчөлөрү күнөөдөн тыйылган, тили жалгандан, бузук сөздөрдөн, жалган күбөлүк берүүдөн тыйылган, курсагы тамак-аш жана суусундуктан тыйылган адам.
- Орозо адамдын кыйкырып, урушуп, талашып тартышуудан тыйылуусу, бул орозо адамга бышыктоо иретинде айтылган. Болбосо, мындай иштер орозо эмес адамга да тыюу салынган.
- Бул хадис пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинен риваят кылган хадистерден. Мындай хадистер кудсий же илахий хадис деп аталат. Анын айтылышы жана мааниси Аллахтан, бирок кудсий хадис Курандын башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүктөрүнө ээ эмес. Мисалы, Куранды окуу ибадат экендиги, аны даарат менен кармоо, андайды эч ким жаза албастыгы, мужизалыгы ж.б.