- Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына айткан осуяттарынын ар түрдүү болуусуна сахбаларынын абалын жакшы билгени себеп. Алардын кимиси эмнеге ылайык экенин жакшы билген. Күчтүү адам жихад кылууга ылайык. Ибадаткөй адам ибадат кылганга ылайык. Аалым адам илим таратканга ылайык, ж.б.
- Ибн Хажар ал-Аскалани минтип айткан: ай сайын үч күндөн кармалуучу орозо дегени, ай толгон учурдагы, б.а. хижра жыл санагы боюнча он үч, он төрт жана он бешинчи күндөгү орозолор.
- Ибн Хажар ал-Аскалани дагы мындай деген: Мында витр намазын уйкудан мурда окуу жакшы экени айтылган. Мындай кылуу уйкудан кайра ойгоно албай калам деп корккон адамдар үчүн.
- Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир канча сахабасына ушундай осуят кылгандыктан, бул үч амалдын өтө зарылдыгын билебиз.
- Ибн Дакик ал-Ийд "Эки рекет чашке" намазы тууралуу мындай дейт: балким аткарылышы зарыл болгон эң аз сан айтылгандыр. Бул чашке намазынын абзелдигине жана анын эң аз өлчөмү эки рекет экендигине ишарат кылат.
- Чашке намазынын убактысы: Күн чыккандан болжолдуу он беш мүнөт өткөндөн баштап, чак түшкө он мүнөт калганга чейин. Ирекеттеринин саны: азы эки ирекет, көбү жөнүндө кайчы пикирлер бар. Кээ бирлер сегиз ирекет деген. Кээ бирлер көбүнө такталган чек жок дешет.
- Витр намазынын убактысы: Куптан намазынан кийин башталып, таң сүргөнгө чейин. Азы бир ирекет, көбү он бир ирекет.