Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Аллах Таала Таза, Ыйык, айып, кемчиликтерден аруу, толук сыпаттар менен сыпатталган. Сөздөрдүн, амалдардын, ишенимдердин тазасын гана кабыл кылат. Мындай ибадаттар калыс Аллах үчүн анан пайгамбардын көрсөткөн тартибинде болушу керек. Аллах Таалага ушндай жол менен гана жакындоого болот. Ыймандуу адам үчүн анын эң таза амалы - таза, адал ырыскы менен азыктануусу. Ошон үчүн Аллах Таала ыймандууларды пайгамбарларды буйругандай таза, адал тамактанууга жана жакшы амалдарды аткарууга буйруган. Ал минтип айткан: "Оо, пайгамбарлар! Таза, адал нерседен жегиле! Ийги иш-амалдарды кылгыла! Чынында, эмне кылганыңарды Мен билүүчүмүн". Ошондой эле: "Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге берген ырыскылардын таза-адалынан жегиле...”!" деген.
Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким арамдан ырыскы жесе, анысы аткарган амалын бузуп, анын сырткы көрүнүшү кабыл боло тургандай көрүнсө да, кабыл болбой каларын эскерткен. Кабыл боло тургандай көрүнгөн сырткы көрүнүштөр булар:
Биринчи: Ажылык, жихад, же туугандар менен байланышуу сыяктуу Аллахка таат кылуу максатында болгон узун сапарлар.
Экинчи: таралбай чатышып калган чачы, чаң басып калган кийими, анын муктаж экендигинен кабар берет.
Үчүнчү: Колун асманга сунуп дуба кылганы.
Төртүнчү: Аллахтын ысымдарын ортого салып, Оо, Раббим! Оо, Раббим! - деп жалбарганы.
Ушундай себептердин болуусуна карабай анын дубасы кабыл болбойт. Анткени, анын жегени, ичкени, кийгени баары арамдан. Арам менен азыктанган. Мындай адамдын дубасы кайдан кабыл болмок эле.