- Зулхижжа айынын баштапкы он күнүндөгү жакшы амалдардын артыкчылыгы, мусулман адамга бул күндөрдү пайдаланып калуунун, ибадаттарды көбөйтүүнүн зарылдыгы айтылган. Аллахты зикир кылуу, Куран окуу, такбир, тахлил, тахмид айтуу, намаз окуу, садага берүү, орозо кармоо ж.б. бардык жакшы амалдарды көбөйтүү керек.