- Арактын арам болуусунун себеби анын мас кылгандыгында. Ошондуктан, бардык мас кылуучу нерселер арам.
- Аллах Таала аракты анын коомду буза турган зыяны чоң болгону үчүн арам кылган.
- Бейиште аракты ичүү анын ырахытынын жана нээмат жакшылыктарынын кемчиликсиздигинен кабар берет.
- Кимде-ким бул дүйнөдө арак ичүүдөн напсисин тыя албаса, Аллах Таала бейиште аны ичүүдөн куру калтырат, анткени жаза күнөөнүн түрүнө жараша болот.
- Өлүм сааты келгенге чейин күнөөлөргө тообо кылууга шашылуу зарыл.