- Пара берүүгө, алууга, аларга ортомчу болууга жана аларга жардам берүүгө тыюу салынат. Анткени ал зулумдукка жардам берген болуп калат.
- Пара алуу чоң күнөө. Анткени Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, пара алганга да жана пара бергенге да каргыш айткан.
- Сотто жана өкүм чыгарууда пара алуу эң чоң кылмыш жана эң чоң күнөө. Анткени анда Аллах түшүргөн өкүмдөн башкасы менен өкүм чыгаруу бар жана зулумдук бар.