- Үйдө ибадатты, нафил намаздарды окууну көбөйтүү жакшы.
- Көрүстөндө жаназадан башка намаз окууга болбойт. Анткени ал ширкке алып баруучу ортомчу жана адамды чектен чыгарчу иштерден.
- Сахабалардын учурунда мүрзөдө намаз окууга тыюу салынганы ачык белгилүү болгон. Ошондуктан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйлөрдү намаз окулбаган мүрзө сыяктуу кылбагыла деп тыйган.