Силердин бирөөңөр үй-бүлөсүнө кайтып келгенде, үч семиз төө менен кайткысы келеби?» Биз: «Ооба» - деп жооп бердик. Ал айтты: «Силердин бириңер намазда окуган үч аят ал үчүн үч семиз төөдөн жакшы...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Силердин бирөөңөр үй-бүлөсүнө кайтып келгенде, үч семиз төө менен кайткысы келеби?» Биз: «Ооба» - деп жооп бердик. Ал айтты: «Силердин бириңер намазда окуган үч аят ал үчүн үч семиз төөдөн жакшы».
Муслим жазып калтырган
Explanation
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, намазда үч аят окуунун сообун түшүндүрүп берди. Адам үйүнөн үч чоң семиз жана бооз төө тапкандан көрө намазда үч аят окуган жакшы деп айтты.
Hadeeth benefits
Намазда Куран окуунун пазилети тууралуу айтылды.
Жакшы амалдар бул дүйнөнүн жыргалдарынан жакшы жана түбөлүктүү.
Бул сооптор үч гана аятты окуу менен чектелбейт. Адам намазда Куран аяттарын канчалык көп окуса, анын сообу ошончо төөдөн жакшы болот.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others