- Пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ээрчип, ушул дубаны эртең менен жана кечинде айтуу мустахаб.
- Пенденин бардык убакта жана абалда Аллахка муктаждыгы.
- Эртең менен зикир айта турган эң жакшы учур: Таң аткандан тартып, күн чыкканга чейинки убак. Кечкиси: дигерден тартып, Күн батканга чейин. Эгер бул убактардан кийин айтып калса, б.а. эртең менен чашкеден өткөндө же бешимден кийин айтып калса деле жарайт. Кечинде деле Күн баткандан кийин айтса жарай берет. Зикрдин убактысы ушундай.
- "Кайра тирилип баруу Сага гана" дегенди эртең менен айтканы, адамдар өлүп, кыяматтта кайра тирилген учурду эскертет. Бул жаңы тирилүү, жаңы күн, бул күнү арбактар (рухтар) денеге кайтарылат. Ал күнү адамдар жайылып чыгат. Аллах жараткан бул жаңы күн, Адам баласына күбө болуу үчүн башталат. Бул күндүн мөөнөтү жана убактысы биздин амалдарыбыз үчүн казына болот.
- Ал эми "Кайра кайтуу Сага гана" деген сөздүн кечинде айтылганы, адамдар кечинде жумушунан, жүргөн жерлеринен жашаган турак-жайларына кайтып, эс алып ырахатта жатып калышат. Бул Аллах Таалага кайра кайтып барууну эскертет.