Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең менен жана кечинде ушул дубаларды калтырбай, такай айтып жүргөн:
(Аллахым, мен Сенден аманчылык тилейм) оорулардан, балээлерден, дүнүйөлүк кыйынчылыктардан, диний фитна жана азгырыктардан (Дүйнө жана акыретте), убактылуу жана түбөлүктүү жашоодо.
(Аллахым, Сенден кечирим сурайм) жана күнөөлөрдүн өчүрүлүшүн жана алардын кечирилишин, (жана жакшылыкты сурайм) айып-кемчиликтен таза болууну, (динимде) ширктен, бидаттан жана күнөөкөр болуудан, (дүйнө жашоомдо) кыйынчылыктан, кырсыктан, зыяндуу жамандыктардан, (үй-бүлөмдө) аялым, балдарым жана туугандарыма, (мал-мүлкүмдө) байлыгыма жана иштериме (жакшылык сурайм).
(Аллахым, менин айып-кемчиликтеримди жап) мендеги айыптарды, кемчиликтерди жашырып, күнөөлөрүмдү кечир. (жана жүрөгүмдү тынч кыл) чочулоодон, коркуудан сакта.
(Аллахым мени сакта) мага келе турган балээ-кырсыктарды менден кетир, (бет алдымдан келүүчү, артымдан келүүчү, оң жак, сол жагымдан келүүчү, үстүмдөн келүүчү) жамандыктардан сакта деп, туш тарабынан келүүчү жамандактардан сактоону Аллахтан суранган. Анткени, балээ-кырсыктар адамдарга ушул айтылган тараптардын бирөөсүнөн келип калышы мүмкүн.
(Мен Сенин улуулугуң менен) капылет келип, жок кылуучу (астымдан) келүүчү жамандыктан сактанам.