- Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Айша энебизге үйрөткөндөй, эркек киши үй-бүлөсүнө аларга пайдалуу диний жана дүнүйө иштерин үйрөтүшү керек.
- Мусулман адамга пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан дубаларды жаттап алганы жакшы. Анткени бул дубалар бардык нерсени ичине камтыйт.
- Бул хадис тууралуу аалымдар минтип айткан: Бул хадис жакшылыкты суроо жана жамандыктан сактанууга тиешелүүнүн баарын камтыган хадис. Бул пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнө гана берилген кыска бирок нуска (баардык нерсени ичине камтыган) хадистерден.
- Бейишке кирүүгө Аллахтын ырайымынан кийинки себептер: жакшы амалдар жана жакшы сөздөр.