- Жеп, ичилген нерселердин тилге сезиле турган даамы болгон сыяктуу, ыймандын да жүрөккө гана сезиле турган даамы бар.
- Жеп, ичилген нерселердин даамын оорудан таза дене гана сезе алат. Ошол сыяктуу жүрөк да напси каалоолорунан, кумар азгырыктарынан таза болсо, ыймандын даамын сезе алат. Эгер жүрөк "оорулуу" болсо, ыймандын даамын сезбейт. Тескерисинче, аны өлтүрө турган күнөөлөр жана напси каалоолорду өзүнө адал кылып сиңирип алат.
- Эгерде инсан кайсы бир ишке ыраазы болсо жана аны жакшы кылса, ал ага жеңил болот, аны аткарууда эч кандай машакатты сезбейт. Ал иши үчүн кубанычта болот. Ошол сыяктуу эле ыймандуу адамдын жүрөгүнө ыйман отурукташса, ага Раббисине таат-ибадат кылуу жеңил болот. Напсиси ыраазы болот, сыноолор ага оордук жаратпайт.
- Ибн Каййум минтип айткан: Бул хадис Аллах Тааланын рубубиятына да, улухиятына да ыраазы болууну, ошондой эле Анын элчисине да ыраазы болуп, аны ээрчүүнү, динине ыраазы болуп, ага берилүүнү ичине камтыган хадис.