- Амалды Аллахка чын ыклас менен аткаруу жана риядан сактануу ваажыб.
- Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө өтө боорукер болгон жана аларга туура жолду көрсөтүүгө, насаат кылууга катуу умтулган.
- Салихтердин башында турган сахабаларга пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушинтип айтып, корккон болсо, анда алардан кийинкилерге андан да коркунучтуу.