- Бул хадис пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинен риваят кылган хадистерден. Мындай хадистер кудсий же илахий хадис деп аталат. Анын сөзү жана мааниси Аллахтан, бирок кудсий хадис Курандын башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүктөрүнө ээ эмес. Мисалы, Куранды окуу ибадат, аны даарат менен кармоо керек, ал сыяктууну алып келүүгө атаандаштыкка чакыруу, анын муъжизалыгы ж.б.
- Аллахтын досторуна ыза берүүдөн тыйып, алардын артыкчылыгын моюнга алып, аларды жакшы көрүүгө үндөө.
- Аллахтын душмандарына душман болууга буйруган. Алар менен дос болуу арам.
- Ким өзүн Аллахтын досумун деп эсептесе, бирок Анын шариятын аткарбаса, анда ал айтканында жалганчы.
- Аллахтын достугуна буйруктарды аткаруу, арамдардан тыйылуу аркылуу гана жетүүгө болот.
- Аллахтын сүйүүсүнө ээ болуунун жана дубасы кабыл боло турган адам болуунун себептеринин бири, парз амалдарды аткаруу менен бирге напил амалдарды да аткаруу жана арам иштерден тыйылуу.
- Аллахтын досторунун шарапаты улук, даражасы бийик экенине далил.