- Итти аңчылык же кароолчулук үчүн гана кармоого уруксат. Башка максатта ит кармоо арам.
- Үйгө жандуу нерселердин сүрөтүн, эстелигин ж.б. коюп алуу периштелерди качыра турган жаман адат. Үйүнө ит кармаган адам сыяктуу эле сүрөт койгон адам да периштелердин көп жакшылыгынан куру калат.
- Ит жана сүрөт бар үйгө кирбеген периштелер ырайым периштелери. Ал эми иш-амалдарды жазып туруучу, же өлүм периштеси сыяктуу аткара турган милдеттери бар периштелер мындай үйлөргө деле кире берет.
- Жандуу нерселердин сүрөтүн дубалга илип алуу же көрүнөө жерге коюп коюу арам.
- Ал-Хаттаабий минтип айткан: Периштелер багууга тыюу салынган ит багылган жана коюуга тыюу салынган сүрөт коюлган үйгө гана кирбейт. Ал эми аңчылык же кароолчулук үчүн ит багылган үйгө же ичине сүрөттүү материал менен капталган төшөк, жаздыктары бар үйлөргө кирүүдөн тыйылган эмес.