- Бул хадис пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгынын далили. Келечекте үммөтүндө боло турган нерсени айткан, анан дал ошондой болду.
- Сыноого туш болуучу адамга ал кабыла турган сыноону айтса болот; ал өзүн даярдап, сыноо келгенде ага сабырдуу болуп, сооп үмут кылуусу үчүн.
- Куран менен сүннөткө таянуу фитна жана келишпестиктерден чыгаруучу (курал).
- Жакшылык иштерде башчыларды угуп, аларга баш ийүүгө, алардан зулумдук көрүшсө да, аларга каршы чыкпоого, үндөө.
- Фитна учурунда сүннөткө ээрчип, даанышмандыкты пайдалануу (керек).
- Эгер ага зулумдук кылынып жатса да, инсанга анын моюнундагы милдет-акыны аткаруу зарыл.
- Хадисте төмөнкү эрежеге далил бар: Жамандыктардын жеңили, зыяндардын кичиги тандалат.