- Бул азап имамга жана анын орун басарларына гана тиешелүү эмес. Тескерисинче, Аллах Таала жоопкер кылып койгон бардык адамдарга жалпы тиешелүү.
- Мусулмандардын иштерине жооптуу болгон ар бир башчы адамдарга насаат айтуу, аманатты кайтарууга аракет кылуу, кыянат кылуудан сактануу парз.
- Башкаруу чоң болобу же кичи болобу, жалпы болобу же жекече болобу, ар бир башчынын жоопкерчилиги чоң.