- Келечектеги кайып иштердин кабарын берип, кийин ошол иштердин болуусу - бул, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгына далил болгон иштердин бири.
- Шариятка каршы келген ишке ыраазы болууга жана ага шериктеш болууга болбойт, тескерисинче, андан кайтаруу ваажыб.
- Эгерде башчылар шариятка каршы келген жаңы бир ишти пайда кылса, андай иште аларга баш ийүүгө болбойт.
- Мусулман башчыларга каршы чыгууга болбойт; мындан баш аламандык, кан төгүлүү, бейпилсиздик пайда болуусу мүмкүн. Күнөөкөр башчылардын туура эмес иштерине чыдоо жана алардын ыза-кордугуна сабыр кылуу кан төгүлүү ж.б.у.с. жамандыктардан жеңил.
- Намаздын орду жогору, ал каапырлык менен Исламды ажыратып турат.