- Сүннөттү кармоо жана аны ээрчүүнүн зарылдыгы.
- Насаат айтууга жана жүрөктү жумшартуучу нерселерге көңүл буруу.
- Өзүнөн кийинки туура жолго баштоочу төрт халифти ээрчүүгө буюруусу. Алар Абу Бакр, Умар, Усман, Али (аларага Аллах ыраазы болсун).
- Динде жаңы ишти пайда кылуудан тыюу. Анткени, бардык жаңы иштер - адашуу.
- Ыймандууларга (мусулмандарга) башчы болгон адамды күнөө эмес иштерде угуу жана ага баш ийүү.
- Бардык учурда жана бардык абалда Улук Алла Таалага такыба болуунун зарылдыгы.
- Бул үммөттө келишпестиктер сөзсүз болот. Мындайлар пайда болгондо Аллахтын элчисинин жана туура жолго баштоочу халифтердин сүннөт жолуна кайтуу лаазым.