- Аллах Таалага күнөө болбогон иштерде башчыларга моюн сунуу важиб.
- Хадисте башчыга баш ийүүдөн тайып, мусулман коомунан бөлүнүп кеткендерге катуу эскертүү камтылган. Эгер алар ушул абалда өлсө, жахилият элинин жолунда өлөт.
- Хадисте уруусу үчүн өзгөчө катуу берилип согушуудан тыйды.
- Убадаларды аткаруу важиб.
- Жамаатка моюн сунууда жана ар дайым жамаат менен болууда көп жакшылык, коопсуздук, бейпилдик жана жакшы шарттар бар.
- Жахилият элинин абалдарына окшошуп калуудан тыюу бар.
- Ар дайым мусулман жамааты менен болууга буюрулган.