- Ибадаттар Куран жана сүннөттө келген далилдерге карап дайындалган. Аллах Таалага Ал шарият кылган нерсе менен гана ибадат кылабыз, жаңы пайда болгон жана ойдон чыгарылган нерсе менен эмес.
- Дин оюна келгенди же көңүлүнө жакканды аткаруу менен болбойт, Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ээрчүү менен болот.
- Бул хадис диндин толуктугуна далил.
- Динде жаңыдан пайда болгон, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана сахабалардын убагында болбогон акыйда ишенимге, сөзгө, амалга тиешелүү иштин баары - бидаат (диндеги жаңылык).
- Бул хадис Ислам негидеринин бири, бул амалдагы тараза сыяктуу. Аллахтын ыраазылыгы көздөлбөгөн бардык амалдар, аны аткаруучуга сооп болбойт. Ошондой эле Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген жолго дал келбесе, ал аткарган адамга кайра кайтарылат.
- Жаңыдан пайда болгон тыюу салынган иштер динге гана тиешелүү, дүйнө иштерине тиешелүү эмес.