/ - деп сурады. "Ооба" - деди тиги киши. "Анда ага жооп бер" - деди

- деп сурады. "Ооба" - деди тиги киши. "Анда ага жооп бер" - деди

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактооосу болсун) сокур адам келип: "О, Аллахтын элчиси, мен мечитке жетелеп келе турган адам жок болуп жатат" - деп Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага намазды үйүндө окууга уруксат сурады. Ага уруксат берди. Ал кайрылып кетип бара жатканда, кайра чакырып: "Намазга айтылган азанды угасыңбы?" - деп сурады. "Ооба" - деди тиги киши. "Анда ага жооп бер" - деди.
Муслим жазып калтырган

Explanation

Көзү көрбөгөн киши пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "О, Аллахтын элчиси, мага жардам берип, мени беш убак намазга мечитке алып келе турган эч ким жок" - дейт. Б.а. ал пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жамаатка келбей эле коюуга уруксат берүүсүн каалаганын билдирет. Ага уруксат берет. Ал кетип бара жатканда кайра чакырып, намазга чакырган азанды угасыңбы деп сурайт. "Ооба" - дейт ал. "Анда азанга жооп кылып мечитке келгин" - дейт.

Hadeeth benefits

  1. Намазды жамаат менен окуу важиб. Анткени важиб жана лаазым иштерден гана уруксат суралат.
  2. Азанды уккан адамга карата айтылган "Жооп бер" деген сөзү намазды жамаат менен окуунун важибтигине далил. Анткени буйрук важибге негизделген.