- Дуба кылуу үчүн ушул убак артыкчылыктуу.
- Дуба кылуучу адам дубанын адебин сактап, дуба кабыл боло турган орундарды жана убактарды максат кылып, Аллахка күнөө кылуудан алыс болуп, шек-күмөндөн напсисин этияттап, дубам кабыл болот деп Аллахка жакшы күмөн кылып дуба кылса, Аллахтын уруксаты менен анын дубасы кабыл болууга татыктуу болот.
- Ал-Мунавий дубанын кабыл болуусу жөнүндө минтип айткан: Б.а. дубанын шарттарын, рүкүндөрүн, адептерин бүт аткаргандан кийин дуба кабыл болот. Эгер булардын кайсы бири аткарылбай калса, адам өзүн гана айыптасын.
- Дубанын кабыл болуусу: же анын сураганы дароо берилет, же анын ордуна андан бир жамандык арылтылат, же акыретке калтырылат. Мунун баары Аллахтын ырайымы жана даанышмандыгы менен болот.