Ким азанчынын үнүн укканда: "Ашхаду ан лаа илааха иллаллааху вахдаху лаа шарика лах, ва анна Мухаммаддан абдуху ва расуулух, розийту биллаахи роббан, ва бил ислаами диинан" деп айтса, анын күнөөлөрү кечирилет...
Саъд бин Абу Ваккастын (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким азанчынын үнүн укканда: "Ашхаду ан лаа илааха иллаллааху вахдаху лаа шарика лах, ва анна Мухаммаддан абдуху ва расуулух, розийту биллаахи роббан, ва бил ислаами диинан" деп айтса, анын күнөөлөрү кечирилет".
Муслим жазып калтырган
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) азанчынын үнүн уккан адам төмөнкү сөздөрдү айтса күнөөсү кечирилерин айткан: "Ашхаду ан лаа илааха иллаллааху вахдаху лаа шарика лах" Күбөлүк берем, тастыктаймын, моюнга алам Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, андан башка сыйынылган нерсенин баары батыл, жалган. "Ва анна Мухаммаддан абдуху ва расуулух" Мухаммад Аллахтын кулу жана элчиси, ага ибадат кылынбайт. Ал жалган айтпаган элчи. "Розийту биллахи роббан" Аллахтын рубубиятына, улухиятына, ысым-сыпаттарына баарына ыраазымын. "Ва би Мухаммадин расуулан" Ал алып келген диндин баарына жана бизге жеткиргенине ыраазымын. "Ва бил Ислам" Исламдын бардык буйруктарына жана өкүмдөрүнө, "Диинан" дин болгонуна ишенүү жана баш ийүү менен ыраазымын. (ушинтип айтса) анын кичине күнөөлөрү кечирилет.
Hadeeth benefits
Азанды укканда ушул дубаны кайталап айтуу күнөөлөрдү кетирүүчү иштерден.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others