- Иттин шилекейи оор нажас (өтө ыплас).
- Ит жалаган идиш да, андагы суу да ыплас болот.
- Топурак менен тазалап, анан жети жолу жуу иттин шилекейи тийген нерсеге тиешелүү. Анын тезегине, сийдигине ж.б. булганычтарына эмес.
- Идишти топурак менен тазалоо мындай таризде болот: алгач идишке топуракты салат, анан анын үстүнө бир аз суу куюп, эзилген ылай менен идишти ышкап жууйт.
- Хадисте айтылган өкүм бардык иттерге тиешелүү. Шариятта аңчылык кылууга, кароолчулукка жана кайтаруучулук үчүн багууга уруксат берилген иттерге да тиешелүү.
- Самын ж.б. идиш жуучу каражаттар топурактын ордуна өтпөйт. Анткени, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) топурак деп баса белгилеп айткан.