- Акыретте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, шапаат берилээрин жана ал бир гана чыныгы муаххидтер (2) үчүн болоору тастыклатып жатат.
- Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, шапааты бул - тозокко кирүүгө татыктуу болгон момундардын тозокко кирбештиги үчүн, эгерде тозокко кирген болсо ал жактан чыгуусу үчүн Аллах менен алардын ортосуна түшкөн Пайгамбардын ортомчулугу.
- Калыс Аллах Таала үчүн айтылган таухид келимесинин пазилети жана анын чоң таасири.
- Таухид келимесин ишке ашыруу анын маанисин билүү жана анын талабына ылайык амал кылуу менен болот.
- Абу Хурайра, радыяллаху анхунун, пазилети жана илимге болгон кызыгуусу.