- «Лаа илааха иллаллах» келимесинин мааниси жалгыз Аллахка гана ибадат кылуу жана Андан башкага ибадат кылууну таштоо.
- «Мухаммад расулуллах» келимесинин мааниси; Пайгамбарга, анын алып келген динине ыйман келтирип, аны тастыктоо жана ал Аллахтын адамзатка жиберген элчилеринин эң акыркысы экенине ыйман келтирүү.
- Аалымдын динде шек-күмөнү бар адам менен сүйлөшүүсү сабатсыз адам менен сүйлөшкандөй болбошу керек. Ошондуктан Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Муьазга: «Сен китеп ээлеринен болгон коомго барасын» - деп эскертти.
- Мусулман адам шек-кумөндөн жана туура эмес түшүнүктөн арылуу үчүн илим алуу менен өз динин билүүсү зарыл.
- Яахудийлердин жана христиандардын дини Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, жиберилгенден кийин жараксыз болду. Алар Ислам динин кабыл алып, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, ыйман келтирмейинче кыямат күнү тозоктон кутула алышпайт.