Ыймандуулар бири-бирин жакшы көрүүдө, ырайым кылууда жана жардам берүүдө бир бүтүн дене сыяктуу, дененин бир мүчөсү ооруса, уйкусуздукта жана ысытмада ага бардык мүчөлөр шерик болот...
Нуъман бин Башир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ыймандуулар бири-бирин жакшы көрүүдө, ырайым кылууда жана жардам берүүдө бир бүтүн дене сыяктуу, дененин бир мүчөсү ооруса, уйкусуздукта жана ысытмада ага бардык мүчөлөр шерик болот".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дене мүчөлөрүнөн бир мүчө ооруса, башка мүчөлөрү да уйкусуздукта жана ысытмалоодо ага шерик болгондой, мусулмандар да бири-бирине жакшылык кылууда, ырайым кылууда, жардам берип, көмөктөшүүдө, бирине зыян тийсе аны сезүүдө бир дене сыяктуу болуу керек экендигин айткан.
Hadeeth benefits
Мусулмандардын укугун сактоо, аларга жардам берүү жана бири-бири менен тыгыз мамиледе болуу зарыл.
Ыймандуулардын ортосунда махабат жана көмөктөштүк болууга тийиш.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others