- Диндин негизи - бул, Аллахка Анын рубубиятына, улухиятына жана ысым сыпаттарына ыйман келтирүү.
- Ыймандан кийин эле түз жолдо такай жүрүү, ибадатты дайыма аткаруу жана ушунда бекем болуу зарыл.
- Ыйман - амалдардын кабыл болуусунун бир шарты.
- Аллахка ыйман келтирүү өз ичине ыйман ишенимдеринен жана негиздеринен ишенүү важыб болгон иштерди камтыйт. Ошондой эле буга тиешелүү жүрөк амалдарын жана ички амалдарда да, сырткы көрүнүштө да Аллахка баш ийип, Ага өзүн тапшырууну камтыйт.
- Истикоома б.а. түз жолдо такай жүрүү - буйруктарды аткарып, тыюулардан тыйылып түз жолдо жүрүү дегенди билдирет.