Менин сахабаларыма тил тийгизбегиле! Силерден бирөөңөр Ухуд тоосундай каржы берсе, анысы сахабаларымдын бир кочуш же анын жарымындай каржысына татыбайт...
Абу Саид Худрий (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Менин сахабаларыма тил тийгизбегиле! Силерден бирөөңөр Ухуд тоосундай каржы берсе, анысы сахабаларымдын бир кочуш же анын жарымындай каржысына татыбайт"
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларга тил тийгизип сөгүүдөн тыйган. Айрыкча, динди алгачкылардан болуп кабыл кылган мухажир жана ансарларды. Эгер адамдардын бири Ухуд тоосундай алтынды каржы кылып берсе, анысы бир сахабанын кочуштап берген же жарым кочуш азыгына да татыбастыгын айткан. Мунун себеби сахабалардын ыкласынын күчтүүлүгү, ниетинин түздүгү, каржылары жана согуштары Меккенин ачылышынан мурда, аябай муктаждык болуп турган учурда болгону үчүн.
Hadeeth benefits
Сахабаларга тил тийгизүү арам, чоң күнөө.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others