Раббибиз Улук Аллах Таала ар бир түнү түндүн акыркы үчүнчү бөлүгү калганда дүйнө асманына түшөт
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Раббибиз Улук Аллах Таала ар бир түнү түндүн акыркы үчүнчү бөлүгү калганда дүйнө асманына түшөт. Анан: "Мага дуба кыла турган барбы, Мен жооп берем? Менден сурай турган барбы, Мен беремин? Менден кечирим тилей турган барбы, Мен аны кечиремин?" - дейт.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала ар бир түнү түндүн акыркы үчүнчү бөлүгү калганда дүйнө асманына түшөрүн баяндаган. Анан дуба кылгандын дубасын кабыл кыларын айтып, пенделерин Ага дуба кылууга үндөйт. Сурагандын сураганын берерин айтып, аларды каалаган нерсесин суроого кызыктырат. Ыймандуу пенделерин кечире тургандыгын айтып, аларды күнөөлөрү үчүн кечирим тилөөгө буйруйт.
Hadeeth benefits
Түндүн акыркы үчүнчү бөлүгү жана анда анмаз окуу, дуба кылуу, истигфар айтып кечирим тилөө артыкча сооптуу.
Бул хадисти уккан адам дубасы кабыл боло турган убактарды текке кетирбөөгө тырышуусу зарыл.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others