- Тообо эшиги ачык турган чакта бардык тооболор кабыл болот. Анын эшиги күн батыштан чыкканда жабылат. Адам кекиртегине өлүмдүн гаргарасы келгенге чейин, тагыраагы жан кекиртекке келгенге чейин тообо кылуусу керек.
- Күнөөнүн кечирилүүсүнөн үмүт үзүү - күнөө кылууга себеп болот. Аллах Тааланын кечирими жана ырайымы кенен. Тообонун эшиги дайыма ачык.
- Тообонун шарттары: биринчи, күнөөнү токтотуу. Экинчи, кылган күнөөсүнө өкүнүү. Үчүнчү, күнөөнү кайра эч качан кайталабоого чечим чыгаруу. Бул үч шарт пенденин Аллахтын акысына тиешелүү болгон күнөөлөрүнүн шарттары. Ал эми пенденин акысына тиешелүү күнөө болсо, анда тообо толук болуусу үчүн кимдин акысын бузган болсо, анын акысын берүү шарт, же акынын ээси (зулум чеккен адам) кечириши керек.