- Аллахтын пенделерине болгон ырайымы кең. Пенде кандай күнөө кылбасын, эмне кылбасын, эгер ага тообо кылып Ага кайрылса, Аллах анын тообосун кабыл кылат.
- Аллах Таалага ыйман келтирген адам Раббисинин кечириминен үмүт кылат, Анын азабынан коркот. Ошондуктан тообо кылууга шашат жана күнөө кылууну токтотот.
- Чыныгы тообо кылуунун шарттары: күнөөсүн таштоо, өкүнүү жана кайра күнөөгө барбоого ниет кылуу. Ал эми пенделердин мал мүлкүн тартып алып, намысын тепсеп же напсисин кордоп зулумдук кылган болсо, анда анын тообо кылуусуна төртүнчү шарт кошулат. Ал - Акы ээлери акысын кечүү үчүн алардан ыраазычылык суроо же алардын акысын берүү.
- Аллах тууралуу илим алуу эң зарыл. Ал илим пендени дин маселелерини билүүчү кылып коёт. Ошондуктан ал пенде ката кетирген сайын тообо кылат, Аллахтан үмүтүн үзбөйт жана күнөөсүн кайра уланта бербейт.