- Аллах Тааланын кечирими, ырайымы жана берешендиги кенен.
- Бир Аллахка сыйынуу ишенимин кармануу артыкчылыктуу иш. Бир Аллахка сыйынуу ишеними менен өткөн адамдын күнөө, каталарын Аллах кечирет.
- Ширк өтө коркунучтуу күнөө, анткени Аллах Таала аны кечирбейт.
- Ибн Ражаб айтат: "Бул хадис күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп боло турган үч ишти баяндаган, биринчиси: үмүт кылуу менен бирге дуба кылуу, экинчиси: кечирим тилеп, тообо кылуу, үчүнчүсү: бир Аллахка сыйынуу ишеними менен жашап өтүү".
- Бул хадис пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинен риваят кылган хадистерден. Мындай хадистер кудсий же илахий хадис деп аталат. Анын айтылышы жана мааниси Аллахтан, бирок кудсий хадис Курандын башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүктөрүнө ээ эмес. Мисалы, Куранды окуу ибадат экендиги, аны даарат менен кармоо, андайды эч ким жаза албастыгы, мужизалыгы ж.б.
- Күнөөлөрдүн үч түрү бар: биринчиси: Аллахка шерик кошуу, бул күнөөнү Аллах Таала кечирбейт. Аллах Таала минтип айткан: "Кимде-ким Аллахка шерик кошсо, Аллах аны бейишке киргизбейт". Экинчиси: пенденин Раббиси менен өзүнүн ортосундагы иштерде өзүнө зулум кылып жасаган күнөөлөрү, мындай күнөөлөрдү Аллах Таала кааласа кечирип жиберет. Үчүнчүсү: Аллах Таала таштап койбой турган күнөөлөр, бул пенделердин бири-бирине кылган зулум күнөөлөрү, мындай күнөөлөрдүн өчү алынат.