/ Аллах ыймандуу адамдын жасаган жакшылыгынын сыйлыгын бербей коюп зулумдук кылбайт. Ага бул дүйнөдө жакшылыгын жана, акыретте болсо толук сооп-сыйлыгын берет. Ал эми каапыр болсо, бул дүйнөдө кудай деп кылган жакшылыктарына сыйлыгын алат. Ал...

Аллах ыймандуу адамдын жасаган жакшылыгынын сыйлыгын бербей коюп зулумдук кылбайт. Ага бул дүйнөдө жакшылыгын жана, акыретте болсо толук сооп-сыйлыгын берет. Ал эми каапыр болсо, бул дүйнөдө кудай деп кылган жакшылыктарына сыйлыгын алат. Ал...

Анас бин Малик, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аллах ыймандуу адамдын жасаган жакшылыгынын сыйлыгын бербей коюп зулумдук кылбайт. Ага бул дүйнөдө жакшылыгын жана, акыретте болсо толук сооп-сыйлыгын берет. Ал эми каапыр болсо, бул дүйнөдө кудай деп кылган жакшылыктарына сыйлыгын алат. Ал эми акыретке барганда, ал эч бир жакшылыгынын сообун албайт».
Муслим жазып калтырган

Explanation

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтын ыймандууларга болгон пазилеттүүлүгүн, ал эми каапырларга адилеттүүлүгүн баяндады. Ал эми ыймандуу адамдын, кылган жакшылыгынын сообу кемибейт. Тескерисинче, ага моюн сунгандыгы үчүн бул дүйнөдө жакшылык берилет жана акыретте анын сообу толугу менен сакталат. Ошондой эле ал бүт соопту акыретте гана алышы мүмкүн. Ал эми каапыр болсо, Аллах ага бул дүйнөдөгү жакшылыктары үчүн сыйлыгын берет. Акыретке барганда, ал үчүн сооп-сыйлыктар болбойт. Анткени жакшы иштерге эки дүйнөдө тең сыйлыгын алуу үчүн адам сөзсүз ыймандуу болушу керек.

Hadeeth benefits

  1. Ким каапыр болуп өлсө, анда ага кылган иштери пайда бербейт.