- Туура эмес ишти тыюуда андан чоңураак зыян келбесе, көрөр замат дароо тыюу керек.
- Күнөөгө жараша кыяматтагы азаптар да ар түрдүү болот.
- Жандуу нерселердин сүрөтүн тартуу чоң күнөөлөрдөн.
- Сүрөт тартуунун арамдыгын себептеринин бири: аны Аллахтын жаратуучулугуна окшотууда, сүрөтчү мейли ушундай ниетте болсун, же жөн эле тартсын айырмасы жок.
- Арам кылынган нерседен тыйгандан кийин, шарият мал-мүлктү туура пайдаланып, сактап калууга үндөйт.
- Жандуулардын сүрөтүн тартуу кандай шекилде болсо да, мейли ал кордолгон, жек көрүндү болсо да баары бир тыюу салынган.