Аллах жерди кармап, асмандарды түрүп, оң колуна алып, анан: "Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?!" - дейт
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Аллах жерди кармап, асмандарды түрүп, оң колуна алып, анан: "Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?!" - дейт.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү жерди чеңгелдеп чогултуп, асманды оң колу менен түрүп, биринин-үстүнө бирин жыйып, аны кетирип жок кылат. Кийин: Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?! - дейт.
Hadeeth benefits
Аллахтын Падышалыгы түбөлүктүү, Андан башканын падышалыгы жок болуучу экенин эскерткен.
Аллахтын Улуктугу, Анын Кудуретинин жана Бийлигинин Күчтүүлүгү, Падышалыгынын кемчиликсиздиги (айтылган).
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others