Explanation
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: Аллах бейиш менен тозокту жаратканда Жебреил, алайхис саламга: «Бейишке бар да аны карап келгин» - деп айтты. Ошондо ал барып, аны карап, анан кайра кайтып келди. Жебреил айтты: «Оо, Раббим, Сенин улуулугуңа ант болсун! Ким болбосун анда (бейиш) кандай жыргалчылык, сый-урмат жана ырыскы бар экенин уга турган болсо, анда ал ага кирүүнү көксөп калат жана ал жанын бергиче аракетин кылат». Андан кийин Аллах бейишти курчап, аны буйруктарды аткаруунун жана арамдардан сактануунун кыйынчылыктары менен курчап койду. Ага кирүүнү каалагандар ошол кыйынчылыктардан өтүшү керек. Бейиш кыйынчылыктар менен курчалгандан кийин Аллах Таала: «Эй, Жебреил! Баргын, бейишти кайрадан карап келгин» - деп айтты. Ошентип, ал барып, аны карап келип: «Оо, Раббим, Сенин улуулугуңа ант болсун! Мен анын жолунда турган кыйынчылыктар себептүү эч ким ага кирбей калатко деп корком» - деп айтты. Аллах тозокту жаратканда: «Эй, Жебреил! Бар да, тозокко көз салып кел» - деп айтканда Жебреил тозокко барып көрүп келди. Анан келип, Жебреил айтты: «Оо, Раббим, Сенин улуулугуңа ант болсун! Ким гана болбосун андагы азап, кайгы жана кордукту уккан болсо, анда ал жерге түшүүнү жек көрүп жана анын түшүрүүчү себептеринен алыс болот. Ошондо Улуу Аллах Таала тозокко алып баруучу жолдорду азгырыктар жана ырахаттар менен курчап: «Эй, Жебреил, кайрадан барып кара» - деди. Жебреил периште барып, аны карап, анан келип: «Оо, Раббим, Сенин кудуретиңе ант болсун! Анын айланасындагы курчалган азгырыктар жана ырахаттарды көрүп мен андан эч ким качып кутула албайт деп корктум» - деди.